2025-жылдагы Эл аралык эне тил күнүндө UNHCR тил түрдүүлүктү илгерилетүү жана Борбор Азия тилдеринде качкындар жана жарансыздык маселелери боюнча так пикир алышууну көмөк көрсөтүү максатында “UNHCR Борбордук Азиядагы негизги терминдер боюнча колдонмону” казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек, англис жана орус тилдеринде жарыялайт.
English | Русский | Қазақ | Тоҷикй | Türkmen | O’zbek
21-февралда бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү – тил түрдүүлүктү майрамдоо жана эне тилин маанилүүлүгүн пропагандалоо күнү катары белгиленип келет. Тил байланыш каражаты эмес; бул коомчулукка, байланышуу жана мүмкүнчүлүк куралы болуп эсептелинет.
Жергиликтүү интеграция UNHCR, БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин, башкы приоритети болуп саналат, Борбордук Азиядагы коомчулуктар 22,000ге жакын мажбурлоо менен көчүрүлгөн адамдарды айкөл менен кабыл алган. Көптөгөн качкындар аймакта жылдар, атүгүл ондогон жылдар бою туруп жергиликтүү тилдерде сүйлөп, бекем үй-бүлө жана жамааттык байланыштарды түзүшкөн. Тил интеграцияда негизги ролду ойнойт, качкындар менен башпаанек издегендерге күнүмдүк өз ара аракеттенүүгө, кызматтарга жетүүгө жана маңыздуу мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле аларды кабыл алган өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө салымын кошуп келе жатышат.
UNHCR Борбордук Азия боюнча өкмөттөр жана өнөктөштөр менен иштейт, алардын ичинде Кызыл Жарым Ай Коому жана Казакстандагы Назарбаев Университети; Кыргыз Республикасындагы Борбордук Азиядагы Америка университети; жана Тажикстандагы качкындар, балдар жана аялуу жарандар (RCVC) – качкындар үчүн акысыз тил курстарын уюштуруп, алардын өз алдынчалыгын бекемдеп, ошондой эле социалдык биримдикти жана жергиликтүү интеграцияны колдоп келишет.
Региондогу тил түрдүүлүгүн колдоп жана качкындар жана жарансыздык маселелери боюнча так байланышты бекемдөө үчүн 2025-жылдагы Эл аралык эне тил күнүндө UNHCR Борбордук Азиядагы Негизги терминдер боюнча колдонмосун казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек, англис жана орус тилдеринде чыгарды.
Share on Facebook Share on Twitter