UNHCRдын түшүндүрмө
3 декабря 2021 года венесуэльская семья прогуливается по шоссе, проходящему параллельно границе с Чили, в южном регионе Перу Такна. © UNHCR/Raul Garcia Pereira
English | Русский | Қазақша | O’zbekcha
Өлкөлөр ортосунда качкын же мигрант болуп жүргөн бардык адамдар өздөрүнүн адамдык укуктарын жана кадыр-баркын толук урматтоого татыктуу. Бирок алардын жашап жаткан үйлөрүн таштап кетүүгө ар кандай себептери жана мотивациялары бар. Демек, алар кайтып келсе өмүрү коркунучта болгон же болушу мүмкүндөргө карата келип чыккан жана түрдүү эл аралык укуктук милдеттер колдонулат.
Мындай учурда качкындар эл аралык укукта өзгөчө аныкталат жана корголот. Булар куугунтуктан, кагылышуулардан, зордук-зомбулуктан, адам укуктарынын одоно бузулушунан же коомдук тартипти олуттуу түрдө бузган башка окуялардан улам аргасыз качуу үчүн үйлөрүн таштап, башка өлкөдөн коопсуздукту издеген адамдар. Бул жерде алардын таштап кеткен өлкөсү аларды коргой албай же коргоону каалабагандыктан, натыйжада, алар башка өлкөдөн «эл аралык коргоону» талап кылышат.. Алар адамдын ар тараптуу укугун — башпаанек издөө жана аны пайдаланууну ишке ашырып жатышат. Качкындар боюнча эл аралык мыйзамдарга ылайык, адам качкын болуп саналат жана ал бул аныктамага жооп бергенден кийин, ал дагы эле мамлекеттер же UNHCR тарабынан расмий түрдө таанылышын күтүп жатса да, качкын катары каралышы керек.
Мамлекеттердин эл аралык укук боюнча качкындар айырм милдеттери:
Кээ бир өлкөлөрдө качкындар мыйзамдуу туруунун башка түрлөрүнө, анын ичинде эркин жүрүү келишимдерине, иштөөгө уруксаттарга же студенттик визаларга ээ болуш кандар, башпаанек сурабай коюуну чечиши мүмкүн. Бирок,жашоонун мындай түрлөрү алардын эл аралык коргоого болгон муктаждыгына же укуктарына таасирин тийгизбейт.
Башпаанек издегендер – бул эл аралык коргоого кайрылгандар же алардын өтүнүчү боюнча чечимди күтүп жаткан адамдарды же чек араларына жакындап келе жаткан башпаанекке муктаж болгон ар бир адамды мамлекттер аймагына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, өз кызматтарын же жардам көрсөтүүгө, адилет жана натыйжалуу каралышын камсыз кылууга милдеттүү. Ар бир башпаанек издеген адам акыры качкын деп тааныла бербесе да, башпаанек сурап кайрылган ар бир адам аны адилеттүү жана натыйжалуу карап чыгышы керек.
Мигранттар эл аралык укук боюнча атайын аныкталбаган, бирок бул термин куугунтук, олуттуу зыян же өлүм коркунучунан улам эмес, башка себептерден улам, чек араны кесип өтүүнү тандаган адамдарга карата колдонулган. Анын ичинде жумуш, билим алуу же үй-бүлөнү бириктирүү кирет. Мында татаал факторлор да ойношу мүмкүн, мисалы, экологиялык кырсыктардан, ачарчылыктан же өтө жакырчылыктан улам кыйынчылыктардан кутулуу.
Ушул себептерден улам, өз өлкөлөрүн аргасыз таштап кеткендер, адатта, эл аралык коргоого муктаж болушпайт, анткени алар качкындардан айырмаланып, негизинен, чет өлкөдө жүргөндө жана кайтып келгенден кийин өз өлкөсүнүн коргоосунан пайдалана беришет.
Мигранттар качкындардын аныктамасынын критерийлерин аткарбаганы менен, саякат учурунда ар кандай жагдайларда, жардамга жана укуктарын коргоого муктаж болушу мүмкүн. Бирок алар адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдар менен корголот жана кээ бир учурларда алар таштап кеткен өлкөсүнө кайтып баруудан же адам укуктарынын негизинде кабыл алган өлкөдөн көчүрүүдөн коргоого укуктуу болушу мүмкүн.
Качкындар менен мигранттардын кургак жердеги жана деңиз чек аралары аркылуу бирдей каттамдар боюнча саякаттаган “жер которуулар” барган сайын дүйнө жүзү боюнча көбөйүп барууда. Алардын укуктук статусу жана анын түрлөрү ар башка болгону менен, алар ушундай эле коркунучтарга дуушар болушу мүмкүн, анын ичинде адам сатуучулардын, контрабандачылардын, кылмышкерлердин, куралдуу элементтердин, же каракчылардын, атүгүл чек арачылардын же башка аткаминерлердин колунан зордук-зомбулукка, кордоого жана аёсуз эзүүгө кабылгандар.
Ал эми өлкөлөрүнөн тышкаркы саякаттарында болуп жаткан мындай окуялар жана тажрыйбалар автоматтык түрдө “мигранттарды” “качкынга” айландырбайт. Анткени качкын статусу — жеке адамдын керт башына келген коркунучтан, зордук-зомбулуктан же зыяндан качып кетип, мекенине кайта албай калышынан көз каранды. Баардык мамлекеттер өз чек араларында адамдарды кабыл алууда гумандуу, укуктарга негизделген мамиле жасоого тийиш. Алар эл аралык коргоого муктаж болгон адамдардын (качкындар) тез арада башпаанек алуу мүмкүнчүлүгүн жана адам сатуунун же адам укуктарынын бузулушунун курмандыктары — качкындар же мигранттар — тез арада аныкталып, колдоого алынышы керек.
Эл аралык коомчулук качкындар менен мигранттардын ортосундагы айырманы мындан көп убакыт мурда эле, тааныган — өткөн кылымда качкындарга мүнөздүү кодификацияланган мыйзамдардын жыйындысынан (Качкындар боюнча 1951-жылдагы Конвенция жана анын 1967-жылдагы Протоколу, ошондой эле 1969-жылдагы Качкындар жөнүндө Конвенция сыяктуу башка укуктук тексттер) баштап, акыркы Нью-Йорктун Качкындар жана тышкы Мигранттар Декларациясына ылайык, жана андан келип чыккан эки башка алкактагы – Качкындар боюнча Глобалдык келишим жана Миграция боюнча Глобалдык Келишим тышкы.
Коомчулукта, массалык маалымат каражаттарында жана статистикалык отчёттордо миграннарга да, качындарга да карата аталаган «мигрант» терминин жалпы тьермин катары колдонуу тенденциясы барган сайын кооптондурат. Мындай чаташтыруу бир гана тактыкты эмес, ошондой эле эл аралык коргоого муктаж болгон адамадар үчүн оор кесепеттерге алып келиши мумкүн. Качкындарды башпаанек издегендерди мигранттар (жы «мыйзамсыз», «уруксатсыз» же «документсиз» келдендер) деп аталоо туураа эмес:
Тактык, түшүнүктүүлүк жана чаташтыруунун кесепеттерин болтурбоо үчүн, аралаш көчүүдөгү кырдаалында адамдардын өзгөчө, кыйынчылыктагы муктаждыктарын моюнга алуунун туура жолу «качкындар менен мигранттарга» шилтеме кылуу болуп саналат. Бул качкындардын башпаанек алуу мүмкүнчүлүгүн жана аярлуу мигранттардын аларга керектүү болгон ылайыкташтырылган колдоону алуусун камсыз кылып, тиешелүү адамдарды аныктоого жана жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Кеңири сөз менен айтканда, качкындар менен мигранттарды жалпысынан «жеке адамдар», «адамдар» же «көчүп жаткан адамдар» деп аташ керек.
Share on Facebook Share on Twitter