Жарансыздык дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдарга таасирин тийгизип, жашоосун жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Бул жерден жарансыздык кандай болору жана маселени чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматты табасыз.
English | Русский | Қазақ | Тоҷикй
Дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар эч бир мамлекеттин жараны катары таанылбайт. Жарандыгы жок адамдардын билим алуусуна, социалдык интеграциясына, байгерчилигине жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө таасирин тийгизүү менен, алардын жашоосу үчүн олуттуу кесепеттерди жаратат.
1954-жылдагы БУУнун апатриддердин макамы боюнча Конвенциясына ылайык, «мамлекеттин мыйзамына ылайык анын жараны катары каралбаган» адам жарандыгы жок адам болуп саналат.
Адамдар алардан көз каранды болбогон себептерден жарандыгы жок адамдар болуп, жарандыгы жана расмий инсандыгы жок калышат. Ошентип, мындай адамдар маргиналдашкан жана жарандык укуктардан ажыраган. 2023-жылдын аягында БУУнун КЖКБ (андан ары «UNHCR») дүйнөдө 4,4 миллион адам жарандыгы жок же жарандыгы аныкталбаган адамдар экенин билдирген.
2024-жылдын январь айына карата Казакстанда, Кыргыз Республикасында, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда 38,000ден ашык жарандыгы жок же жарандыгы аныкталбаган адам жонүндө белгилүү. Жарансыздыктын жаңы учурларын аныктоо уланып жаткандыктан, алардын реалдуу саны кыйла жогору.
Адам белгилүү бир этностук, диний же башка азчылык тобуна таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоо сыяктуу ар кандай жагдайлардан улам жарандыгы жок болуп калат. Чынында дүйнөдөгү белгилүү болгон жарандыгы жок адамдардын көпчүлүгү азчылык топторуна таандык.
Гендердик басмырлоо жарансыздыктын дагы бир маанилүү себеби болуп саналат: дүйнөнүн 24 өлкөсүндө атасы өз жарандыгын берген сыяктуу энелердин өз жарандыгын балдарына берүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеген мыйзамдар бар.
Ошондой эле жарансыздык эч ким жарандыгы жок адам болбой турганын кепилдебеген, жарандык жөнүндө мыйзамдардагы кенемтелердин жыйынтыгы болушу мүмкүн. Мындан тышкары жарандыкты алууну же өз жарандыгын тастыктоону, же туулгандыгын каттоону кыйындаткан же мүмкүн эмес кылган бюрократиялык тоскоолдуктар себеп болушу мүмкүн. «Мамлекеттердин укук улантуучулугу» — бул жаңы өлкөнүн пайда болушу же мурдагы өлкөнүн чачырашы, бул дагы көп адамдардын жарансыздык коркунучуна дуушар болушуна алып келет. Мисалы, Борбор Азиядагы жарандыгы жок адамдардын көпчүлүгү мурдагы СССРдин жарандары же алардын урпактары болуп саналат, алар азыркы убакытка чейин жаңы көз карандысыз мамлекеттердин жарандыгын алышкан эмес же жарандык таандыктыгын ырасташкан эмес.
Басмырлоо же куугунтуктоо дагы кимдир бирөөнү жарандыгы жок качкын же аргасыз жер которгон адам кылып, качууга аргасыз кылат, бирок көпчүлүк жарандыгы жок адамдар өзүнүн туулган өлкөсүнөн эч качан кетпегенин белгилей кетүү керек.
Жарандыгы жок адамдар билим алуу же саламаттык сактоо сыяктуу негизги укуктарга жана кызматтарга жетүү, никелешүү, добуш берүү, банктык эсеп ачуу, расмий ишке орношуу, менчикке ээ болуу же эркин саякаттоо мүмкүнчүлүгүнө кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн.
Жарансыздык пикир келишпестиктерди тереңдетип жана теңсиздикти жаратып, адамдарды социалдык жана укуктук коргоодон ажыратат.
Жарансыздыктын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ажыратуу дагы үмүт үзүлгөн, кыялдар кыйраган, мүмкүнчүлүктөр чектелген, кайсы бир жерге таандыктыгы жок болгон сезимдерди жаратуу менен, олуттуу эмоционалдык жана психологиялык таасир тийгизет.
1950-жылы негизделген учурдан тартып БУУ КЖКБ, БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттиги жарандыгы жок качкындарга жардам көрсөтүп келген, бирок андан бери жарансыздыктын көп көйгөйлөрүн чечүү боюнча анын иши кыйла кеңейди.
Негизги эки эл аралык келишим – 1954-жылдагы Апатриддердин макамы жөнүндө Конвенциясы жана 1961-жылдагы Жарансыздыкты кыскартуу жөнүндө Конвенциясы – жарансыздык жаатындагы эл аралык-укуктук базанын негизи болуп саналат.
Борбор Азияда UNHCR жарандык жөнүндө мыйзамдарды жана практиканы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө көмөктөшөт жана Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Өзбекстан Түркмөнстан жана башка көптөгөн БУУнун мүчө мамлекеттери сыяктуу 1954 жана 1961-жылдардагы Жарансыздык жөнүндө конвенциянын катышуучулары катары кошулуусун көздөйт.
Мунун алкагында БУУнун Башкы Ассамблеясы UNHCR негизги төрт чөйрөдө иштөөнү тапшырган: жарансыздыкты аныктоо, алдын алуу жана кыскартуу жана жарандыгы жок адамдарды коргоо. Биз мыйзамдарды реформалоо жана жарансыздыктын алдын алуу жана кыскартуу боюнча саясатты ишке ашыруу, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү, консультациялар жана башка колдоо көрсөтүү аркылуу жарандыгы жок адамдарды жана тобокелдикке дуушар болгон коомдоштуктарды аныктоо жана коргоо боюнча саясатты ишке ашырууда өкмөттөргө техникалык жардам көрсөтөбүз.
2014-жылдагы UNHCR жарансыздык жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана жарансыздыкты жоюу боюнча өкмөттөр тарабынан глобалдык иш-аракеттерге жана милдеттенмелерге түрткү берүү #IBelong (#МенТаандыкмын) кампаниясын ишке ашырып баштаган.
Кампания олуттуу ийгиликтерге жетишкен, көпчүлүк мамлекеттерди 1954 жана 1961-жылдардагы Конвенцияларга кошулууга убадалаштырган жана алардын жарандыкка болгон укуктарын, жарансыздыкты аныктоо жана туулгандыгын каттоо жол-жоболорун кеңейтүүгө чакыргат.
Борбор Азиянын мамлекеттери UNHCRдын колдоосу менен өз аймактарында жарансыздыкты кыскартууда жана алдын алууда олуттуу прогресске жетишкен. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы өз аймагында жарансыздыктын бардык белгилүү учурларын чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.
Конкреттүү жетишкендиктерге жана #IBelong кампаниясынын динамикасына негизделген 2024-жылдын октябрында жарансыздыкты жоюу боюнча Глобалдык альянс түзүлɵт. Бул альянс өлкөлөрдү акыркы жылдарда жетишкен прогрессти өнүктүрүүгө, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өзгөрүүлөрдү тездетүүгө багыттоо үчүн максаттарында ишке киргизилет.
Өкмөттөр өз өлкөлөрүнүн аймагында кимдер жарандык алууга укуктуу экенин аныктайт. Бул өкмөттөрдү жарансыздык менен натыйжалуу күрөшүү үчүн керектүү укуктук жана саясий реформалар үчүн жоопкерчиликти тартат. Жарансыздыкты жоюу үчүн мамлекет кам көрүүгө тийиш болгон негизги иш-аракеттердин айрымдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
Бул жарансыздыкты жоюу боюнча UNHCRдын Глобалдык иш-аракеттер планында аныкталган 10 иш-аракеттин бири, ал учурдагы жарансыздыктын масштабын чечүү, жаңы учурлардын алдын алуу жана жарандыгы жок жашаган адамдарды аныктоону жана коргоону жакшыртуу үчүн алкактарды белгилейт.
Жаңы Глобалдык альянс жарансыздыкты жоюу үчүн мамлекеттерди, жарандыгы жок адамдар жетектеген уюмдарды, БУУнун агенттиктерин жана башкаларды бириктирүү менен, бул иш-аракеттерди алдыга илгерилетет.
UNHCR жарансыздык боюнча эки конвенцияга кошулуу, жарансыздыкты аныктоо жол-жоболорун иштеп чыгуу жана бекемдөө жана улуттук мыйзамдарды жана практиканы жарансыздыктын алдын алуу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн аракеттерин колдоого алууну улантат.
Share on Facebook Share on Twitter