Ооганистандан келип башпаанек издеген Фарида кызынын дарыгер болууну кыялданат
Күндө эртең менен уйкулуу төрт жашар Мариям* окууга баргысы келбей даттанганда, апасы Фарида* назиктүү жылмайып, кызын жылуу кучактап, акырын шыбырайт. — Ханшайымым, бала бакчага барбасаң, кантип окуп, бир күнү абдан жакшы дарыгер болосуң?
Фарида – болгону 22 жашта – Мариям үчүн дарыгер болууну окуу али алыс экенин түшүнөт. Бирок Ооганстандагы жеке зордук-зомбулуктан жана кеңири жайылган кооптуулуктан качып, азыр Кыргыз Республикасына келип, кызынын жакшы келечегин күн сайын кыялданат.
Фарида: «Кызым үчүн менин эң чоң тилегим – эч качан мындай көйгөйлөргө туш болбосун, — дейт Фарида — мен анын тынч жашоо, мектепти жана кийин университетти бүтүшүн каалайм».
Фарида Ооганстанда өспүрүм кезинде кыздар мектепке бара алышкан, ошондуктан ал Кабулда толук он эки жылдык мектепти бүтүрө алган. 2018-жылы мектепти аяктап, ооруканада медайым болууну кыялданган.
Бирок 2021-жылдын сентябрынан бери 12 жаштан жогорку бардык ооган кыздарынын мектепке кайтып келиши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ооганстан кыздарга орто мектепке баруусуна тыюу салган дүйнөдөгү жалгыз өлкө.
«Кызым үчүн менин эң чоң тилегим – эч качан мындай көйгөйлөргө туш болбосун, — дейт Фарида — мен анын тынч жашоо, мектепти жана кийин университетти бүтүшүн каалайм»
2019-жылы Мариям менен боюнда болгон учурда Фарида, анын апасы, атасы жана иниси менен Кыргыз Республикасына качып келишкен. Анын атасы Ооганстанда жашап турган учурда чет элдик күчтөр менен иштешкен, ошондуктан үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү үчүн корккон.
«Биз бул жерде кала албайбыз. Биз Бишкекке кетишибиз керек — деп бир күнү бизге атам айтты» — деп түшүндүрдү Фарида.
Үй-бүлө Кыргыз Республикасынга келгенде кеңеш жана жардам алуу үчүн БУУнун КБЖКнын өнөктөшү «Адилет» Укук Клиникасына кайрылышкан, алардын жардамы менен Кыргызстанда эл аралык коргоо алуу үчүн өтүнүшкөн.
2023-жылдын июнь айына карата Кыргыз Республикасы башпаанек издеген 775 адамды кабыл алган, алардын арасында 278 Ооганстандан качкан. Качкындар жөнүндө Конвенцияга катышман катары Кыргыз Республикасы Качкындар жөнүндө мыйзам иштеп чыгарган жана Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитип, ага жараша качкындын статусун аныктоо улуттук тартиби жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасындагы башпаанек издегендерге качкын макамын берүү өтүнүчү каралып жаткан учурда күбөлүк берилет. Күбөлүк өлкөдө турууга мүмкүндүк берет дагы жана үч ай сайын узартылат. Качкын деп таануу жөнүндөгү чечим өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде кабыл алынышы керек, бирок чынында андан узак убакытка созулушу мүмкүн. Ал убакытта башпаанектер мыйзамдын алдында ишке орношууга, саламаттыкты сактоого же социалдык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушпайт.
Качкындар жөнүндө мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында башпаанек издеген балдар бала бакчага, башталгыч жана орто мектепке барганга укуктуу.
Фарида жана анын үй-бүлөсү арызы боюнча акыркы чечимди ала элек. Бул Фаридага жумушка орношуп, Мариямдын келечектеги окуусу үчүн акча чогулта албай калат.
Адилет Фарида, Мариям жана алардын үй-бүлөсүнүн ишин бийликтегилер менен издөөнү улантууда.
Өнөктөштөрдүн, БУУ КБЖК сапаттуу чечимдерди кабыл алган адилеттүү жана натыйжалуу башпаанек алуу процедураларын жактайт. 2022-жылы Кыргыз Республикасы бир гана башпаанек издеген адамды качкын деп тааныган. 2023-жылдын январынан июнь айына чейин башпаанек издеген төрт гана адамга качкын макамы берилген.
«Документтер жок болсо, ошончолук көп кыйынчылыктарга дуушар болосуң, — дейт Фарида. Документтерсиз эркиндик жок».
Кыйынчылыктарга карабастан, ал үмүтүн калтырган жок: «Бир күнү кызым ооруканада иштеп жатканын көрсөм, мен дуйнодөгү эң бай жана бактылуу адам болом».
Эл аралык коргоого муктаж адамдарды качкындар катары таануу жана аларга тийиштүү укуктарды көрсөтүү аларга мыйзамдуу ишке орношуу жана салыктарды төлөө аркылуу коомдун өркүндөөсүнө салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет. Фарида кызынын дарыгер болуусун кыялданган жаш эне үчүн жана аларды кабыл алган коомго кайтарып берүү үчүн биринчи келечектүү кадам болмок.
Share on Facebook Share on Twitter